Гармония (философия)

Википедия дан

Гармония (философия) (гр. harmonia — бөлүктөрдүн шайкештиги, байланышы) — бөлүк менен бүтүндүн өз ара шайкештиги, объектинин ар түрдүү компоненттеринин бир бүтүн болуп кошулушу.

Философиянын тарыхында Гармония түшүнүгү космология, гиосеология жана этикалык маселелерге байланыштуу өнүккөн. Гармония жөнүндөгү илимдердин кайсынысы болбосун, табият, коом, адам жөнүндөгү эстет, көркөм идеялардын негизинде калыптанган. Гераклит Гармония ны бириндеген бөлүктөрдүн сырткы биримдиги деп гана карабай, аны карама-каршылыктардын биримдиги катары түпгүнүп, Гармониянын ички маңызына көңүл бурган. Аристотель Гармония ны көп түрдүүлүктүн биримдиги, бүтүндүн аякташынын белгиси деп, бул түшүнүктү турмуштун бардык тармактарында колдонгон. Марксчыл эстетика Гармония ны искусство менен чындыктагы карама-каршылыктардын биримдиги менен өнүгүү закондорунун чагылышы катары карайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.