Гарсия Лopка

Википедия дан

Гарсия Лopка (5. 6. 1898, Фуэнте-Вакерос 19. 8. 1936, Виснар) испан акыны, драматург. 1915-23-ж. Гранада университетинде окуган. 1929-30-ж. АКШда, Кубада болгон. Анын таасирлери менен «Акын Нью-Йоркто» (1940) аттуу ыр жыйнагын жазган. Драмалык чыгармаларында («Мариана Пинеда», 1925) сүйүүнү даңктап, өлүмдү жектейт, зулумдукту ашкерелейт. «Кан төгүлгөн той» (1933), «Иерма» (1934), «Бернарда Альбанын үйү» (1936) аттуу драмалык чыгармалардын автору. Гарсия Лорканын каармандары эскиликке каршы аёосуз күрөшкөн. Испания респ. болуп жарыяланганда (1931), өз өлкөсүнүн алдыңкы акын-жазуучуларынын катарына кошулган. 1936-ж. фашисттер тарабынан атылган. «Бернарда Альбанын үйү» драмасы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында, «Өтүкчүнүн өктөм аялы» драмасы Ош мамлекеттик драма театрында коюлган. Ырлары кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн. Чыгармалары: Бернарда Альбанын үйү. «Ала-Тоо», 1984, № 12; Гитара: ырлар. Ф., 1982.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]