Гауптман Герхарт
Гауптман, Герхарт (15. И. 1862— 6. 6. 1946) — немец жазуучусу, немец натурализминин ири өкүлү.
Йен университетинде окуган. Чыгармачылыгы 80-жылдарда башталган. Гауптманга атак алып келген чыгарма — «Күн чыгаар алдында» (1889) драмасы. Анда ыркы кеткен бурж. үй-бүлө сүрөттөлөт.
«Арабакеч Геишель» (1898), «Роза Бернд» (1903) драмалары кайзердик Германия адебин сындоо жана оокаттан кур жалак калгандарга боор ачуу сезими менен жазылган. Ал «Токуучулар» (1892) драмасында Силезия токуучуларынын 1844-жылдагы көтөрүлүшүн, «Кемчет ичик» (1893) комедиясында ошо кездеги Германиянын социалдык-тарыхый абалын чагылдырган. Гауптман— мындан башка да кеңири белгилүү бир нече роман, пьесалардын автору. Гауптмандын пьесалары Европа, Американын театрларында коюлган. Гауптман «Улуу түш» поэмасында өзүн нацизмдин душманы экенин ачьш билдирген.
1912-ж. Нобель сыйлыгын алган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.