Гвадалквивир

Гвадалквивир (Кордова).
Гвадалквивир ― Испаниянын түштүгүндөгү дарыя. Узундугу 560 км, алабынын аянты 57 миң км2. Андалусия тоолорунан башталып, Андалусия ойдуңу аркылуу акканда салааларга бөлүнүп, Атлантика океанынын Кадис булуңуна куярда эстуарийди пайда кылат. Февраль-март айларында кирет. Орто чыгымы 164 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. ГЭСтер курулган. Боюнда Кордова, Севилья шаары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
![]() |
Бул дарыя бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |