Кордова (Испания)

Википедия дан
Кордова.

Кордова (Испания)Испаниядагы шаар. Кордова провинциясынын административдик борбору. Сьерра-Морена тоосунун этегинде, Гвадалквивир дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 327,8 миң (2009). Шаар аркылуу жогорку ылдамдыктагы Мадрид — Кордова — Малага темир жол магистралы өтөт. Аэропорту бар. Түстүү металлургия, машина куруу, тамак-аш — татымал, текстиль өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер бар.

756—929-жылдары Кордова эмирлигинин, 929—1031-жылдары Кордова халифатынын борбору болгон. Собор [13-кылымга чейин мечит (785-ж. курула баштаган); дүйнөдөгү эң ири], роман стилиндеги СанПабло (13-кылым), Сан-Николас (13-кылым) чиркөөлөрү, Кармен Кальсадо чиркөө монастыры (16-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Королдор Илимдер академиясы, институт, университет бар. Жыл сайын музыка фестивалы өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]