Гемпшир кою

Википедия дан

Гемпшир кою — эт-жүн породасы. Улуу Британиянын Хэмпшир (Гемп­шир).

Уилтшир ж. б. графтыктарында 19-кылымдын 1-жарымында жерг. кылчык жүндүү жана кара төбөл койлордун аргындары саутдаун м-н аргындаштырылып алынган.

Ири, токол, кара төбөл кой. Ал тез жетилип, бат семирет. Кочкорунун тируулей салм. 90—110 кг, соолугунуку 65—75 кг. Кочкорунан 5—6 кг, соолугунан 3— 4 кг жүн кыркылат. Жүнү 50—58-сапатта, узундугу 7—8 см. Гемпшир кою Улуу Британия, AKШ, Аргентина, Австра­лия ж. б. өлкөлөрдө өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.