Генетикалык жүк

Википедия дан

Генетикалык жүк - особдордун начар ыңгайлануусунун пайда болуусуна алып келүүчү популяциянын бөлүгүнүн тукум куума өзгөргүчтүгү. Г. ж. төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: мутациялык жүк; баланстуу жүк жана өткөөл жүк.

Г. Мёллердин классикалык концепциясы боюнча мутациялык Г. ж., популяцияда мутациялардын кайталануусунан, мутанттык аллелдердин пайда болушунан түзүлөт. Табигый тандоо мутанттык аллелдерге каршы багытталгандыктан, популяцияда алардын саны алгач анча көп болбойт. Рецессивдик мутациялар гетерозиготтук абалда (Аа), толук бойдон бассымдуулукта болот.

Баланстуу Г. ж. Ф. Г. Добржанскийдин концепциясына ылайык, табигый тандоо популяцияда жакшы ыңгайланган гетерозиготалык (Аа) генотиптерди сактап, начар ыңгайланган гомозиготалык (АА, аа) генотиптерди жок кылышынан түзүлөт. Көп аллелдер гетерозиготалык (Аа) абалда оң таасир берип (артык доминанттуулука байланыштуу), табигый тандоо аркылуу муундан-муунга сакталып турат.

Өткөөл Г. ж., популяцияда особдордун ыңгайлануусунун өзгөрүшү менен түзүлөт. Бул учурда ыңгайланган аллель чөйрөнүн шартынын өзгөрүүсүнө байланыштуу өзүнүн ролун жоготуп, жаңы шартка керектүү болгон аллель толук бойдон ыңгайлана элек болот, башкача атйканда кийинки аллель мурунку аллелди алмаштыра элек болот. Бул учурда өткөөл Г. ж. түзүлөт.

Ар бир популяция , мутациялардан жана артык доминанттуулуктан пайда болуучу Г. ж-тү көтөрүп турат. Бул эки учурда тең гомозиготалар терс таасирин беришет. Анткени менен, мутациялардын терс таасири салыштырмалуу болот, себеби популяциядагы Г. ж., генетикалык көп түрдүүлүктү берип, эволюциянын генетикалык резервин түзүп турат. эволюциялык генетикалык резервден популяциянын ыңгайлануусуна пайдалуу генетикалык системалар түзүлөт. Г. ж. адамда зыяндуу мутацияларын (тукум куучу орууларды ) изилдөө чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]