Гетерозигота

Википедия дан

Гетерозигота - генотибинде тигил же бул гендин ар кыл формалары (аллелдери) бар организм. Мисалы, Аа, Вв, Сс же АаВв, АаВвСс, жана башка мындай организмдерди аргындаштыруудан өөрчүгөн тукумдарынын белгилери ажыроого дуушар болот. Ал эми мындай ажыроо көп учурда баалуу сапаттардын жоголушуна алып келет. Ошол себептен Г-ны сактоо айыл чарба ишинде зор мааниге ээ. Алсак, жемиш дарактар дээрлик Г-луу. Белгилери ажырап, баалуу касиеттери жоголуп кетпес үчүн алар вегетативдүү жол менен көбөйтүлөт.

Гомозигота

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]