Географиялык аталыштар

Википедия дан

Географиялык аталыштар, топонимдер жер бетиндеги географиялык объектилердин материк, океан, деңиз, агым, дарыя, көл, арал, тоо, мамлекет, айыл-кыштак, көчө жана башкалардын энчилүү аттары. Географиялык аталыштардын суммасы топонимиянын калыптануу процессинде жана азыркы салыштырмалуу туруктуу абалында законченемдүү кайталанып туруучу системаны же өзгөчөлүктөрдүн жана белгилердин жалпылыгын пайда кылат. Мындай система түрдүү өлкөлөрдө дайыма түрдүү мезгилди жана тилдерди камтыйт. Анткени ал өлкөнүн тарыхын жана анда жашаган элдердин тилин чагылдырат. Айрым географиялык аталыштар заманга жараша бир нече жолу кайталанат. Мисалы, совет мезгилинде көптөгөн айыл, кыштак, колхоз, совхоздор Комсомол, Октябрь, Ленин, Биринчи Май деп аталган. Түрдүү тилде түрдүүчө аталып, бирок мааниси бир аталыштар да бар; мисалы, орустун Новгород, италяндын Неаполь, тажиктин Новабад, англистин Ньюкасл, өзбектин Янги Шахар жана башка «жаңы шаар» маанисин берет. Географиялык аталыштардан айрыкча гидронимдер көл, дарыя, океан жана башка; оронимдер тоо, тоо кырка, чоку, дөбө; ойконимдер калк отурукташкан жерлердин аттары жана башка туруктуулугу менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле микротопонимдер да өзүнчө бөлүнөт; мисалы, коо-колот, чабыт, кудук, жайыт, булак, босого, айлампа жана башка анча чоң эмес географиялык объектилердин аталыштары. Географиялык аталыштардын бул тобу курамы боюнча ар түрдүү келет, бирок, жергиликтүү элге гана белгилүү болот. Айрым топонимдер жеңил чечмеленип, мааниси айкын болсо, кээ бирлеринин этимологиясы татаал, алардын маанисин чечмелөө кыйла түйшүктү пайда кылат. Айрымдарын ар кандай себептерден улам чечмелөө мүмкүн болбой, табышмак бойдон калат. Географиялык аталыштар негизинен элдин чыг-лыгы болуп саналат. Алар географиялык шарттарды, тарыхты, экономиканы, саясатты, тилдерди, мадабиятты жана цивилизацияны айкындайт. Практикада географиялык аталыштардын туруктуулугунун, тилден тилге өтүү принциптеринин мааниси зор. Топонимдерди системалык түрдө изилдөө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 20-кылымдын экинчи жарымынан башталган. Кыргызстандын жер-суу аттарын изилдөөдө С. Өмүрзаков, Э. М. Мурзаев, Д. Исаев, К. Конкобаев, Ш. Жапаров жана башка зор салым кошкон. Географиялык аталыштарды топонимика илими изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]