Геологиялык фация
Геологиялык фация (лат. facies— кебете, өң, түспөл
- 1) кандайдыр бир аймактын чегинде бир мезгилде пайда болуп, белгилүү жаныбарлардын жанa өсүмдүктөрдүн калдыктары менен айырмаланган чөкмө тоо тектердин бирдей составдагы комплекси (мис., чопо фациясы ж. б.);
- 2) физика-географиялык чөйрө жанa анда пайда болгон тоо тектер же алардын комплекси (мисалы., дениздеги аки таш тек фациясы, дарыядагы чопо фациясы).
Геологиялык фация тоо тектердин петрографиялык, минералдык составын, текстурасын, жайгашуу формасын жанa алардьш арасындагы ташка айланган байыркы организмдердин калдыктарын изилдөө негизинде бөлүнөт. Геологиялык илимде чокмо тоо тектердин пайда болушунун физика-географиялык шарттарын, жайгашуу жанa өзгөрүү закон ченемин изилдөөчү тармак фация жөнүндөгү окуу деп, ал эми чекмо тоо тектер пайда болгон байыркы жанa азыркы физика-географиялык шарттарды түрдүү жолдор менен аныктоо фациялык анализ деп аталат. Алгачкы мезгилде термин чөкмө тоо тектерге карата айтылса, кийинчерээк ал геологиянын петрология (магмалык жанa эффузиялык фация), геохимия (кычкылдануу фациясы) жанa метаморфизм (гранулит фациясы) сыяктуу тармактарында кенири пайдаланылат.
Фация түшүнүгү ботан. жанa геогр. илимдеринде да колдонулат. Ар түрдүү Геологиялык фация менен эл чарбалык чон мааниси бар кендер байланыштуу. Мис., лагуна фациялары менен туз жанa гипс кендери, дарыя өрөөндөрүндо жанa куймаларында пайда болгон фациялар менен көмүр, нефть, жез, алтын кендери, кел жанa деңиздердин тайыз жээктеринде пайда болгон аки таш тек-доломит фациялары менен коргошун жанa цинк кендери байланыштуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.