Георгий Димитров

Википедия дан

Димитров Георгий Михайлович (18. 6. 1882, Перникск округу, Ковачевци кыш.- 2. 7. 1949, Москвага жакын Барвихада) - болгар жана эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери.

Кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүнөн. 12 жашынан арип терүүчүнүн үйрөнчүтү. 1901- ж. Софияда басма сез кызматкерлеринин профсоюзунун катчысы 1909- жылдан партиянын БКсына мүчө. 1 905-23-ж. болгар пролетариатынын революциячыл күрөшүнө активдүү катышкан. 1912-13-ж. Балкан согушунда парламенттин (1913-23-ж. ага депутат болгон) трибунасынан болгар буржуазиясынын шовинисттик баскынчыл саясатын ашкерелеген. С гушка каршы иши үчүн куугунтукталган. Биринчи дүйнөлүк согуш алдында жана согуш жылдарында болгар улутчулдугун ашкерелеп, депутат катары согуштук кредитке каршы добуш берген, Болгариянын импер. согушка катышуусуна каршы чыккан. Улуу Октбярь социалисттик революциясынан кийин анын ураанын даназалап, Совет ресубликасын коргоо үчүн күрөшөт. 1921-ж. Коминтерндин 3-конгрессине катышып, В. И. Ленинге жолугат. 1923-ж. сентябрда В. П. Коларов менен бирге фашизмге каршы куралдуу көтөрүлүштү башкарат. Ал басылып калгандан кийин эмиграцияга кетет. Болгариядагы фаш. бийлик Димитровду өлүм жазасына сырттан өкүм кылат. Эмиграцияда БКП чет өлкөлүк бюросуна мүчө, ИККИде, Профсоюздук интернационалдын борбордук советинде иштейт. Балкан коммунисттик федерациясынын катчысы болгон. Герман рейхстагын өрттөдү деген жалаа менен айыпталып, 1933-ж. Берлинде камакка алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.