Герман союзу

Википедия дан

Герман союзу— герман мамлекеттеринин 1815-жылы 8-июнда Вена конгрессинде (1814—1815) түзүлгөн бирикмеси.

Герман союзуна адегенде 39 мамлекет (1866-жылга чейин 32ге кыскарган алардын ичине Бремен, Гамбург, Франкфурт-на-Майне ж. б. шаарлар кирген. Герман союзуна германиялык жана австриялык монархтар менен катар англиялык (Ганновердин), голландиялык (Люксембургдун), даниялык (Гольштейн менен Лаунбургдун ээлери катары) королдор да мүчө болгон.

Герман союзунун айрым мамлекеттердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн сейминин чечими Герман союзунун бардык эле мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон эмес. Австрия империясы Герман союзун революциячыл жана улуттук-боштондук кыймылын басуу үчүн пайдаланган. Герман союзу 1848—1849-жылдагы революция убагында тарап, 1850-ж. калыбына келтирилген. Австрия-Пруссия согушунда (1866) Австрия женилип, Герман союзу жоюлган; 1867-ж. Пруссия башкарган Түндүк Германия Союзу түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.