Герцеговина Босния көтөрүлүшү (1882)

Википедия дан

Герцеговина Босния көтөрүлүшү (1882)Герцеговина менен Боснияда болгон улуттук-боштондук көтөрүлүш.

Ага австриялык оккупацияыл тартип, агрардык маселенин чечилбегендиги, улуттук эзүү менен като­лицизм кысымы себеп болуп, көбүнчө дыйкандар көтөрүлгөн. Герцеговина Босния көтөрүлүшүнүн чыгышына 1881-ж. 4-ноябрда аскерге милдеттүүлүк законунун киргизилиши шылтоо болгон.

Дыйкандардын бир тобу 1882-ж. 11-январга караган түнү Улогдогу жандармерия казармасына кол салган. Көп узабай көтөрүлүш Түн.-Чыгыш Герцеговина м-н Түш.-Чыгыш Боснияга таран, анын жүрүшүндө көтөрүлүшчүлөр гражд. бийликтин органы — межлис (Улогдо) түзгөн. Герцеговина Босния көтөрүлүшүн австрия-венгриялык баскынчы аскерлер 1882-ж. апрелде баскан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.