Гессен чымыны

Википедия дан

Гессен чымыны дан чир­кейи (Mayetiola destructor) — галлиц тукумундагы чиркей сымал курт-кумурска, дан эгиндеринин коркунучтуу зыянкечи.

Денесинин уз. 2,5— 3,5 мм; өңү көбүнчө кара, боз. Гессен чымыны Европада, Азияда, Түн. Америкада; Европа бөлүгүндө, Закавказьеде, Сибирде жана О. Азияда кездешет. Гессен чымыны негизинен 2 жолу тукумдайт. Биринчиси жаздык, 2-чиси күздүк эгин өнө баштаганда чыгат да, буудай, арпага сиркесин таштайт. Гессен чымыны айрыкча күздүк жанa жаздык буудайга (арпа, кара буудайга азыраак) зыян келтирет. Эгиндин сабагы солуп, түшүмү азаят.

Сактануу ча­ралары: жерди терен айдоо, жаз­дык эгиндерди эрте, күздүктү маалында себуү, туруктуу сортторду ылгоо, агротех. чараларды туура жүргүзүү, түшүмдү өз убагында жыйноо.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.