Гигантизм

Википедия дан
Гигантизм
Anna Swan жана анын ата-энеси

Гигантизм (байыркы грек. γίγας, γίγαντος — «алп, дөө») — гипофиздин алдыңкы бөлүгү өсүү гормонун көп чыгаруусунун натыйжасында кишинин боюнун күчөп өсүшү.

Гигантизмди бийик бой менен алмаштырууга болбойт. Гигантизм менен ооругандардын ата-энесинин бою нормада болот. Гигантизм көбүнчө эркектерде байкалып, демейде 9—10 жашында же жыныстык жетилүү убагында билинет да, бардык физиологиялык өсүү мезгилине созулат. Мындай кишилердин ден соолугу начар болот. Башы ооруйт, алы кетет, бат чарчайт, буту-колу ооруйт. Булчуңу адегенде күчтүү болуп, кийин алсызданат. Эске тутуу, психика начарлайт, жыныс иштеми бузулат. Дене түзүлүшү пропорциясыз болуп, буту узун, башы өтө кичине көрүнөт. Дарылоонун азыркы методу, гормон дары-дармектери менен рентген терапияны айкалыштыруу жакшы натыйжаларды берүүдө. Эгерде бала өзүнүн курагындагылардан бою өтө узун болсо врач менен кеңешүү керек.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8