Гидравликалык кыймылга келтиргич
Гидравликалык кыймылга келтиргич (автоматтык системаларда) — аз кубаттуу сигналдын таасири менен башкарылуучу жондөө системаларынын жөндөөчү органдарын же ээрчиме системалардын чыгыш элементтерин башкаруучу гидравликальш түзүлүштөр комплекси.
Автоматтык системаларда гидравликалык түзүлүштөр күчөткүч жана жумуш аткаргыч механизмдер катары колдонулат. Адатта ал механизмдер бирдиктүү блоктор түрүндө жасалып, сервомотор, сервомеханизм же сервокыймылдаткыч деп аталат. Сигналды башкаруучу ж-a күчөтүүчү системанын түрүнө жараша Гидравликалык кыймылга келтиргич электр гидравликалык жанa пневмогидравликалык кыймылга келтиргич болуп бөлүнөт. Булар программа боюнча башкарылуучу металл кесүүчү станоктордо, автопилотто, трактор менен комбайндьш башкаруу системаларында колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.