Гидравликалык пресс

Википедия дан

Гидравликалык пресс — жог. басымдагы суюктуктун аракетинен кыймылга келип, материалдарды басым менен иштетүүчү машина.

Гидравликалык пресс биринчи жолу 18-кылымдын аягында жүзүм ширесин, өсүмдүк данынан май чыгаруу жана чөптү ныктап тангактоо үчүн колдонулган.

Гидравликалык пресс материалдардын уютмасын, куймасын сомдоо, ийүү, түрдүү форма берүү, штамптоо, түтүкчөлөр жасоо, (күкүм түрүндөгү материалдарды пресстөө, кабелди ме­талл менен каптоо үчүн 19-кылымдын ортосунан бери кеңири пайдаланылууда. Пластмасса, резина, фанера, тексто­лит буюмдарын ж-a жыгач таарындысынан плиталар жасоодо да Гидравликалык пресс колдонулат. Анын иштеши Паскаль законуна негизделген.

Балка менен иштетүүгө Караганда, Гидравликалык прессте материал­дарды иштетүүнүн наркы төмөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.