Гидрогеологиялык райондоштуруу

Википедия дан

Гидрогеологиялык райондоштуруу - тоо тек катмарларынын гид­рогеологиялык шарттарына, жер астындагы суулардын пайда болушу, таралышы жана алмашуусуна карай айрым жерлерди табигый бирдей аймактарга бөлүү.

Гидрогеологиялык райондоштуруу гидрогеол. изилдөөлөрдүн негизинде жер астындагы сууларды эл чарбасына колдонуу ишин жак­шыртуу үчүн жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык райондоштуруу негизинен атайы максаттагы ж-а жалпы болуп бөлүнөт.

Ар бир гидрогеол. ра­йон суунун жайгашуусу ж-а составы боюнча бири биринен айырмаланат, башкача айтканда бир райондо тузсуз таза суу болсо, экинчисинде минералдашкан туздуу суу кездешет.

Кыртыш сууларын райондоштурууда антропогендин тоо тек катмарларынын таралышын ж-а составын аныктоо өтө зарыл болсо, артезиан сууларын райондоштурууда геол. структураларды (ойдуң, син­клиналь, мульда ж. б.) аныктоо керек, анткени көрсөтүлгөн структураларда артезиан бассейндери жайгашат. Ми­нералдуу сууларды райондоштурууда алардын газ составына айрыкча көңүл бөлүнөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.