Гидропоника
Jump to navigation
Jump to search
Гидропоника (гидро... жанa гр. рonos — иш) — өсүмдүктү топураксыз жасалма чөйрөдө өстүруү.
Бул жол менен өстүрүүдө өсүмдүктүн тамыр системасы сууда же нымдуу абада (аэропоника) өөрчүп, керектүү затты азыктандыруучу эритмеден алат. Өсүмдүктү Гидропоника методу м-н өстүрүүдө эмгек көп талап кылынбай, суу жана азык заттар азыраак сарпталат, отоо чөп болбойт.
Азыктандыруучу эритмеде азот, фосфор, калий ж. б. элементтердин туздары болот.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.