Гимн (символика)

Википедия дан

Гимн — программалык мүнөздө жазылган салтанаттуу ыр.
Мамлекеттик, революциялык, аскердик, диний, тарыхый окуялар менен баатырларга арналган Гимндер белгилүү.
Байыркы Грецияда Гимн кудайлардын урматына жазылган.
Б. 3. ч. 7—5-кылымда Алкей, Алкман, Пин­дар сыяктуу акындар Гимн жазган. Алардан бизге «Гимн» деген ат менен эпикалык баяндоо түрүндөгү ыр чыглар келип жетти.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.