Глинка Михаил Иванович

Wikipedia дан
Глинка (1856).

Глинка Михаил Иванович - [(20. 5 (1. 6). 1804, азыркы Смоленск областы, Новоспасский кыштагы – 3 (15). 2. 1857, Берлин)] – композитор, орус классикалык музыкасына негиз салуучу. Помещиктин үй-бүлөсүнөн. 1817-ж. Петербург Башкы педагогикалык окуу жайындагы Благородный пансионунан окуп, фортепьяно, скрипка, ырдоо, композиция, теория боюнча сабак алган. 1830-жылдан чет өлкөлөрдү (Италия, 1830–33; Берлин, 1833–34, 1856–57; Париж, 1844–45; Испания, 1845–47) кыдырып, атактуу композиторлор менен кездешкен, музыкалык билимин өркүндөткөн. Орус жана дүйнөлүк музыкалык тажрыйбаны өздөштүрүү Глинканын жаңычыл чыгармалар жаратуусуна негиз болгон. 1836-ж. Петербург Чоң театрында анын «Иван Сусанин» операсы коюлуп, анда элдин майтарылбас эрдиги, патриотизм идеясы сүрөттөлөт. 1842-ж. ушул эле театрда «Руслан менен Людмила» операсы коюлган. Г. классикалык орус операсына, симфонияга негиз салып («Камаринская» ж. б.), вокалдык лириканын тарыхында жаңы доорду ачкан (мисалы, А. С. Пушкиндин сөзүнө «Петербург менен коштошуу» романстар цикли). Глинканын «Испан увертюралары» «Арагон хотасы» (1845), «Мадрид түнү» (1848) симфониялык музыкада испан музыкалык фольклорун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө алгач ирет жол ачкан. Украин, поляк, финн, италян, чыгыш элдеринин музыкалык образдары менен обондорун өз чыгармаларында чеберчилик менен пайдаланган. . 80ге жакын чыгарманын автору. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында анын «Иван Сусанин», «Руслан менен Людмила» опералары коюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]