Гоббс, Томас

Wikipedia дан
Гоббс, Томас

Томас Гоббс (1588—1679) — XVII кылымдагы эң ири англиялык философ, ал XVII кылымдагыга караганда «Левиафан» деген трактатында баяндалган саясый философиясы аркылуу бүгүн көбүрөөк белгилүү.

Өмүр баяны[оңдоо]

Анын таржымалчылары баяндашкандай, Испан армадасы Англияга жакындап келе жатат деген кабарды угуп, тынчсызданган энеси аны ара төрөп коёт. Бирок ал абдан карып, 91 жашка чыгып, өзүнүн акыркы күнүнө чейин акыл-эси тунук жана интеллекти бийик бойдон жашап өткөн. Оксфорддо билим алган. Ал кийинчерээк өзү мойнуна алгандай, убактысын көп учурда китеп дүкөндөрүндөгү географиялык карталарды карап, белгилүү деңиз саякатчыларынын басып өткөн жолдорун байкап, үйрөнүү менен өткөргөн. Гоббс ошол кездеги Мерсенн, Гассенди, Декарт сыяктуу эң көрүнүктүү ойчулдар менен тааныш болгон. Бир убактарда Ф.Бэкондун катчысы да болуп иштейт, аны менен өткөргөн субхаттары ага олуттуу таасир тийгизген. Гоббско ошондой эле Галилей менен Кеплер да чоң таасир көрсөтүшкөн. Галилей менен ал 1637-жылы Италияда жолугушат.
Гоббсдун көз карашы XVII кылымдагы Англиялык буржуазиялык революциянын таасири астында калыптанат. Өзүнун көз карашы боюнча ал монархиячыл болгон жана 1640-жылдан 1651-жылдарга чейин Францияда эмиграцияда жүрөт. Бирок, Англиядагы граждандык согуштан кийин Кромвелдин диктатурасы орногондо роялчылардан кол үзөт да, Лондонго кайтып келип, Кромвелдин саясатын идеологиялык жактан негиздөөгө аракеттенет.
Ошол кездеги улуу окуяларга жакын болгондуктан жана өзүнүн мекендештерине тынчтык жана коопсуздук каалап, өзүнүн бардык жөндөмдүүлүгүн коомдун проблемаларын чечүүгө жумшоону чечет. Адам маселелери дайыма Гоббстун чыгармачылыгынын борборунда турган. Ал «Дене жөнүндө», «Адам жөнүндө», «Гражданин жөнүндө» трилогия жазууну ойлойт, бирок муну ал акыркы бөлүмүнөн баштап жаза баштайт, ал 1642-жылы жарыяланат. «Дене-бой жөнүндөгү» трактат 1655-жылы, «Адам жөнүндөгү» трактат 1658-жылы басылып чыгат. 1651-жылы ал өзүнүн эң көлөмдүү чыгармасын, өмүрүнүн башкы эмгеги — «Левиафанды» жарыялайт, китептин алгачкы баптары жалпы философиялык маселелерди камтыган, ал эми калган бөлүгү коомдун мамлекеттик жана социалдык түзүлүш маселелерине арналган.

Гоббс жана философия[оңдоо]

Гоббс өзүнөн мурдагы философтордо философиялык прогресстин жетишсиздигин кейип айткан. Бул мүчүлүш абалды оңдоого үмүттөнүп, ал өзүнүн алдына эгерде ал иштеп чыккан усулду пайдаланган шартта «таза» жана «чыныгы» философия өнүгүп чыга турган элементтерди түптөөнү же «урукту» себүүнү максат кылып коёт. Усулду колдонуп, биз жаңылыш идеялардан алыс болобуз. Илимий таанымдагы методологиянын маанисине Гоббстун басым жасаганы схоластикага каршы чыккан Бэкондун идеялары менен үндөшүп турат. XVII кылымдагы усулга кызыгуу көптөгөн философтор үчүн мүнөздүү.
Гоббсту кандайдыр бир белгилүү философиялык багытка таандык кылуу кыйын. Бир жагынан ал, эмпирик, а экинчи жагынан математикалык усулдун тарапкери болгон, бул усулду ал накта математикада да, ошондой эле билимдин башка тармактарында, баарынан мурда «саясый илим» жагында колдонгон. Буга ал адамдар үчүн бейкут абалды орнотууга жана аны кармап турууга өкмөткө мүмкүндүк берүүчү коомдо жашап турган адамдар жөнүндөгү билимдердин жыйындысын таандык кылат.

Философияга көз карашы[оңдоо]

Анын философиялык көз караштарынын өзгөчөлүгү, негизинен, өзүнүн италиялык замандашы Галилейдин физикадан алып келип чыгарган усулун колдонгондугунда болучу. Физикалык дүйнөдөгү кубулуштарды талдоо жана алдын ала айтуу үчүн Галилей колдонгон геометрия менен механика Гоббс тарабынан адамдардын ишмердигин изилдөөгө көчүрүлөт. Ал, эгерде адамдын жаратылышы жөнүндө белгилүү бир фактыларды аныктоого мүмкүн болсо, анда андан кийин алардан белгилүү бир кырдаалдарда адамдар тутуна турган жүрүү-туруунун жол-жобосун чыгарып алууга болот деп эсептейт. Адамдар физикалык дүйнөнүн аспектилеринин бири катарында изилдеп-үйрөнүлүүгө тийиш. Адамзат кумарлыктары менен шыктарын физикалык кыймылдардын жана алардын себептеринин негизинде талдоого болот. Гоббстун усулунун негизинде — бардыгы кыймылдагы материя деп ырастаган галилейлик принцип жатат.

Жаратылыш тууралуу[оңдоо]

Жаратылыш, адамды курчап турган дүйнө,— бул Гоббс боюнча, тартылуучу телолордун жыйындысы. Бардык нерселер жана алардын өзгөрүшү материалдык элементтердин кыймылынын натыйжасында пайда болуп турат, бул кыймылды Гоббс механикалык орун алмашуу кыймылы катарында түшүнөт. Телолордун кыймылы түртүлүү жолу менен берилет, мунун натыйжасында телодо күч пайда болот да, анан ал кыймылга өтөт. Ушундай эле жол менен кыймыл жана күч аркылуу Гоббс жаныбарлар менен адамдардын туюм-сезимден турган руханий турмушун түшүндүрөт. Бул жоболордо Гоббстун механикалык концепциясы чагылдырылган.

Тааным[оңдоо]

Тааным, Гоббс боюнча, «идеялардын» жардамы менен ишке ашат, бул идеялардын булагы тышкы дүйнөнү сезимдик кабылдоолор гана болуп саналат. Гоббс боюнча, бир да идея тубаса болбойт, тышкы сезимдер идеялардын гана эмес, биздин бүткүл таанымыбыздын да булагы, идеялардын мазмуну адамдардын аң-сезимине байланышпайт. Бардык идеялар акылдын эпкиндүү иш-аракети менен салыштыруу, айкалыштыруу жана бөлүү жолдору аркылуу кайра иштелип чыгат.
Бэкон сыяктуу эле Гоббс да билимдерди эмпирикалык талкуулап-түшүнүүнү жактап, сенсуалисттик позицияга кошулган жана «адамдын акыл-эсинде, адегенде толук же жарым-жартылай түрдө туюм-сезим органдарында пайда болбогон бир да түшүнүк жок» [Танд. чыг. 2-т. 50-6.]. Анын пикири боюнча, билим тажрыйба аркылуу алынат. «Бардык илим туюмдардан келип чыгат». Рационалдуу илим-бул тилдин жана сөздөр аркылуу берилүүчү чыныгы же жалган туюм-сезимдердин иши. Ой жүгүртүү сөздөрдүн өзүнчө бир айкалыштары аркылуу түзүлөт, туюмдардан тышкары жаткан эч нерсе жок болгондуктан бул сөздөр туюмдар аркылуу гана белгиленет. Кадыресе ойлом үчүн, Гоббс боюнча, фактылар жөнүндөгү жөнөкөй билим толук жетиштүү, бирок бул илимий билим үчүн таптакыр жетишсиз, илимий билим үчүн жалпылык, зарылдык талап кылынат жана ал математика аркылуу гана жетишилет. Мына ошондуктан Гоббс илимди баарынан мурда математика менен окшоштурган. Бирок ал өзүнүн Декарттыкы менен окшош болгон рационалисттик позициясын (ал өзү картезиандык таасирди жана а түгүл Декарттын математикалык таанымынын далилдүүлүгүн түшүндүргөнүнүн тууралыгын тааныбаса да), ал өзүнүн түпкү (исходной) эмпирикалык позициясы менен айкалыштырган. Математикада акыйкаттар түздөн түз сезимдик тажрыйбалар аркылуу эмес, сөз аркылуу ачылат.

"Ар кандай тил" концепциясы[оңдоо]

Ар кандай тил — адамдардын макулдашуусунун натыйжасы деген тилдеги белги концепциясын өнүктүрө келип, Гоббс жалпылыкты сөздө камтыган тил белгиси катарында түшүндүрөт. Номинализмдин позициясында туруп, Гоббс сөздөрдү кандайдыр бир нерсе үчүн негизсиз эле ченем түрүндө алынып калган жана дайыма шарттуу болгон аталыштар менен атайт. Бул ченемдер адамдардын бир кыйла көрүнүктүү тобу үчүн жалпы салмагы бар мааниге ээ болгондо алар аталыш-ченемдерге айланат. «Левиафанда» ал мындай деп жазат: «Акылы тайкы адам сөздөрдүн көп маанилүүлүгүн аңдай албайт. Ал чымчык торго чалынып тыпырагандай сөздөргө чалына берет жана андан бошоп чыгуу үчүн сөздү канчалык көп пайдаланса кайра ошончолук көбүрөөк чалынат... Акылдуу адамдар үчүн сөздөр ченемдердин өзү, муну алар эсеп үчүн пайдаланышат, акылсыздар болсо ал сөздөрдү Аристотелдин, Цицерондун же Фоманын, же дагы бир башка окумуштуунун кадыр-баркынын жарыгы тийип турган толук баалуу монета катарында кабыл алышат» [Танд. чыгарм. 2-т. 70-71-6.].
Гоббс сөздөрдүн тактыгы Декарт ойлогондой интуиция менен эмес, кош маанилүүлүктөн арылта турган дефинициялар менен аныкталууга тийиш деп эсептейт. Гоббс туткан номиналисттик концепцияга ылайык идеялар (нерселер) жекелик түрдө гана болушу мүмкүн, ал эми сөздөр болсо ошондой эле жалпылык болушу мүмкүн. Жалпы сөздөр дегенибиз бир эле класстагы эки же андан көбүрөөк нерселерди билдире тургандар. Бирок номинализмге ылайык, жалпы дегенибиз обьективдүү нерсе катарында жашабайт.

Онтологиялык көз карашы[оңдоо]

Гоббстун айлана-чөйрөдөгү дүйнөнү механикалык түрдө түшүндүрүүчү онтологиялык көз карашы, атап айтканда, кыймылдын булагы жөнүндөгү маселеде белгилүү бир кыйынчылыктарга жолуккан. «Гражданин жөнүндө», «Левиафан» деген эмгектеринде Кудайды алгачкы кыймылдын булагы деп жарыя кылат, ал эми нерселердин андан кийинки кыймылы, анын пикири боюнча, Кудайга таптакыр көз карандысыз түрдө жүрө берет. Гоббстун деисттик көз карашы ошол кезде үстөмдүк кылып турган диний түшүнүктөр менен дал келген эмес.

Механикалык материализм[оңдоо]

Гоббстун бардык нерсе кыймылдап туруучу материя (же кыймылдагы материя) ден эсептеген доктринасы механикалык материализм деп аталат. Гоббстун механикалык материализми бир катар проблемаларды көтөрөт. Алардын бири — адамды түшүнүү проблемасы. Гоббс адамдын жашоо иш-аракетине нагыз механикалык процесс катарында карайт, мында жүрөк — пружина, нервдер — жиптер, муундар — дөңгөлөктөр, булар бүткүл машинаны кыймылга келтирип турат. Бүткүл адам психикасы да толук механизмдин негизинде түшүндүрүлөт.

Эрктин эркиндиги жөнүндө маселе[оңдоо]

Гоббстун философиясы көтөрүп чыккан башка дагы бир проблема — эрктин эркиндиги жөнүндөгү маселе. Эгерде, бардык нерсе материя болсо, жана материя алдын ала билүүгө боло турган жана болбой койбой турган жол менен кыймылдай турган болсо жана алардын кыймылын аныктай турган себептик мыйзамдарды таанып-билгенибизден кийип, адамдын эрки эркин деп айтууга болобу? Гоббс бул суроого түз жана ачык, жалпысынан өзүнүн түпкү принциптерине ылайык жооп берет. Болуп жаткан нерсенин баары себептик зарылдыктын натыйжасында болуп турат, ал эми адам болсо — дүйнөдөгү бардык нерселердей эле себептик системанын бир бөлүгү. Бирок адам эркиндиги себептик зарылдыктан тышкары турган эркиндик катарында тушүнүүлүгө тийиш эмес. Гоббстун пикири боюнча, бир нерсени каалоо — каалаган нерсеге умтулуу дегенди билдирет. Эгерде менин кыймылым мен каалаган нерсеге бараткан жолунда тоскоолдукка урунбаса анда менин аракетим эркин аракет. Эгерде менин кыймылыма бир нерсе тоскоол болуп турса ал учурда мен эркин түрдө аракеттенүүгө жөндөмсүзмүн. Бул тышкы тоскоолдуктар — менин эркиндигимдин чектелип турушунун өзү. Эгерде менин өзүмдө бар болуп турган бир неменин натыйжасында өзүм каалаган нерсени ала албасам же аны иштей албасам, эгерде, мисалы, күчүм жетпегендиктен мен тосмо кашааны секирип өтүп кете албасам мындай учурда бул менин эркиндигимди чектегендик болбойт, бул жөн гана мендеги жөндөмсүздүктүн табийгый түрдөгү жетишсиздиги.
Гоббс аккан сууну мисал келтирет: «Эркиндик жана зарылдык сыйышат. Дарыя суусу, мисалы, эркиндикке гана ээболбостон, өзүнүн нугу менен ага турган зарылдыкка да ээ. Ушундай эле сыйышууну биз адамдардын оз ыктыяры менен жасаган аракеттеринен да көрөбүз... Анткени ыктыярдуу аракет адамдардын эркине байланыштуу келип чыгат, демек алар эркиндиктен келип чыгат, бирок адам эркинин актысы... кандайдыр бир себептен келип чыга тургандыктан, бул себеп-башка бир үзгүлтүксүз тутумдан келип чыга тургандыктан... алар зарылдыктан келип чыгат» |Танд. чыгарм. 2-т. 233-б.| Биздин жаратылышыбыз ушундай экен, биз бир катар күчкө жапа жөндөмдуүлүккө ээбиз, ал эми эркиндик болсо алардын тоскоолсуз түрдө көрүнүшү. Өзү эркиндик деп түшүнгөн нерсени колдонуу менен Гоббс биз эркин болгон жана биз эркин болбогон учурлардын аралыгындагы айырмаларды ачып көрсөтөт жана биз иштеп жаткан нерселердин баардыгын зарыл деп эсептейт. Адам эркиндиги себептик зарылдык менен сыйышат деген жалпы көз караш көп учурда «жумшак детерминизм» деп аталат.
Гоббс адамдын эгоисттик (өзүмчүл) табиятын баса көрсөтөт, адам эреже катарында пайда же атак-даңктын урматы үчүн, башкача айткандабашкаларды сүйгөндүктөн эмес, өзүн өзү сүйгөндүктүн урматы үчүн аракет кылат. «Левиафанда» ал мындай деп жазат: «эгерде үч бурчтуктун үч бурчу квадраттын эки бурчуна барабар деген акыйкат кимдир бирөөнүн бийликке болгон укугуна же бийлик колунда тургандардын кызыкчылыгына карама-каршы келсе геометрия окуусу талашып- тартышып отурбай эле геометрия боюнча бардык китептерди өрттөп жиберүү менен сүрүлүп чыкмак» [Танд. чыгарм. 2-т. 133-6.].

Гоббс коомдун маселеси тууралуу[оңдоо]

Гоббстун философиялык доктринасында анын социалдык философиясы, адам, коом жана мамлекет жөнүндөгү окуусу чоң орун ээлейт. Социалдык философияга анын «Граждан жөнүндө» жана «Левиафан» деген трактаттары арналган. Өз доорунун бир катар гуманисттерин жолдоп, ал инсандын коомдук турмуштагы ролун баса белгилейт. «Левиафандын» XIII бабында Гоббс адамдардын «табигый абалын» сүрөттөп көрсөтөт. Өзүнүн табийгый абалында, башкача айткандажаратылышы боюнча, адамдар жөндөмдүүлүктөрү боюнча бири-биринен аз айырмаланышат. «Жаратылыш адамдарды дене-бой жана акыл жөндөмдүүлүгу жагынан тең кылып жараткан» [Танд. чыгарм. 2-т. 149-6.]. Дагы да жаратылыштын өзү жана адам да өзүнчө алганда жаман да, жакшы да болуп саналбайт. Табигый абалда ар бир индивид өз өмүрүн сактоо жана өлүмдөн качууга болгон табигый укугун ишке ашыра алат. «Бул турмуштун бактысы» ой-максатты ишке ашырууда дайыма ийгиликке жетишүүдө турат. Бирок бул бакыт эч качан бейпил ыракат боло албайт, анткени, дейт Гоббс, турмуш ой-максатсыз, сезимсиз жашай албайт. Биздин табийгый абалыбыз ушундай экен, көздөгөн максатыбызды карай бара жатып, биз башкалар менен, өзүбүзгө окшогондор менен жолугушабыз». Адам коопсуздукта жана тынчтыкта жашоо үчүн дайыма башка бирөөлөр менен кагылышып турат. Табигый абалында адамдар өзүн өзү сактоонун табигый мыйзамдарын гана жетекчиликке алат. Бул жерде ар бир адам күч колдонууга чейин баардыгын иштөөгө укуктуу. Буга окшогон абалды Гоббс «адам адамга карышкыр болгон» учурда «кимдир бирөөнүн кимдир бирөө менен болгон согушу» деп атайт.
Гоббс бул бактысыз абалдан чыгуунун жолун мамлекетти түзүүдөн көрөт. Өзүнүн керт башынын амандыгынын урматына, өлбөй тирүү жашоо үчүм коомдун ар бир адамы өзүнүн алгачкы эркиндигинин бир бөлүгүн суверенге өткөрүп берүүгө тийиш, суверен болсо тынчтыкты камсыз кылуу үчүн чексиз бийликти ишке ашырат. Индивиддер, ошентип, монархтын майдасына өзүлөрүнүн эркиндигинен ыктыярдуу түрдө баш тартат, монарх жеке өзү социалдык биримдикти камсыз кылат. Сыймыктуу, кубаттуу, бирок мерт боло турган, жердеги эң жогорку нерсе, бирок теңирликтин мыйзамдарына баш ийген мамлекет — Левиафан ушундайча пайда болот.
Күчтүү борбордошкон мамлекет бардык катышуучу индивиддердин ортосундагы коомдук келишим боюнча түзүлөт. Бул бийлик саясый тартипти жапа адамзаттын жашап турушун камсыз кылат. Коомдук келишим тынчтыкты «бир гана жол менен, атап айтканда, бүткүл бийликти жана күчтү бир адамдын колуна же көпчүлүк добуш менен бардык граждандардын эркин бирдиктүү эркке айландыра турган адамдардын чогулушунун колуна топтоо жолу менен» берет [Танд. чыгарм. 2-т.]. Суверендин бийлиги табийгый мыйзамдар менен чектелип турат, ал мыйзамдар тынчтыкка умтулуудан жана адилеттүүлүктү орнотуудан көрүнөт. Гоббс баардыгы болуп 12 табийгый мыйзам бар дейт, бирок алардын баары келип эле бир алтын эрежеде чагылышып көрүнөт: «бирөөгө кор каспа, кассаң өзүң түшөсүң». Бул моралдык максима туруктуу адамдык эгоизмди тизгиндеп турган маанилүү чектөө катарында чыгып, башка адамдардын эгоизми менен эсептешүүгө мажбурлап турган.

Гоббс мамлекет тууралуу[оңдоо]

Мамлекеттин чексиз бийлиги Гоббс тарабынан адамдын жүрүм-турумуна да, анын көз карашына да таратылган. Мамлекеттик бийликке ошондой эле чиркөөлүк бийлик да баш иет. Бирок, ал кээ бир учурларда мамлекеттин, суверендин чексиз жогорку бийлигине каршы аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн моюнга алат. Ал индивиддин өзүн өзү сактоого болгон укугун бузулбас укук катарында карайт, ошондуктан монархтын буйругу индивиддин турмуштук кызыкчылыгына карама-каршы келсе анда ал монархтын буйругу боюнча мамлекет үчүн салгылашка катышпай коё алат деп эсептейт. Гоббс берилген монархист болсо да, ар түрдүү формадагы чексиз мамлекеттик бийликтин болушу мүмкүн экендигин мойнуна алган. Гоббс тарабынан түзүлгөн мамлекеттик бийликтин концепциясы көптөгөн маанилүү теориялык-практикалык жоболорду камтыйт. Ал мамлекет маданияттын жана коомдук турмуштун зарыл шарты ден көрсөткөм: «Мамлекеттен сыртта-кумарлыктын бийлиги, согун], коркунуч, кедейлик, арамдык, жалгызчылык, варварчылык, жапайылык, түркөйлүк, ал эми мамлекет ичинде: акыл-эстин үстөмдүгү, тынчтык, коопсуздук, байлык, адептүүлүк, коом, сыпайылык, билим жана кайрымдуулук бар».
Гоббстун социалдык философиясы көптогөн багыттар боюнча замандаштарынын тескери реакциясын пайда кылган: анткени ал адамды кыймылдагы материянын бир бөлүгү катарында караган, адам табиятынын жана табийгый абалдагы жашоо-турмуштун кайгылуу сүрөтүн тартып, суверендин чексиз бийлигин коргоп, суверендин бийлигинин теңирлик мүнөзүн танган жана башка.
Буга карабастан, Гоббстун идеяларынын тарыхый мааниси жана алардын кийинки турмушка тийгизген таасири зор. Алар өзүнүн эвристикалык маанисин бүгүнкү күндө да жоготкон жок. Анын мамлекет бийлиги жөнүндөгү концепциясы алда канча көбүрөөк кызыгууну пайда кылат. Бирок Гоббстун башка идеялары да көңүл бурууга жана иликтеп-үйрөнүүгө татыктуу, атап айтканда, анын семиотикалык идеялары аналитикалык философия боюнча адистер үчүн бир кыйла тарткылыктуу.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8