Голографиялык сүрөттөлүш

Википедия дан

Голографиялык сүрөттөлүш - жардамчы нур менен сүрөткө тартылуучу нерседен чагылган негизги нурдун кошулуусунан пайда болгон интерференциялык картина аркылуу алынган сүрөттөлүш.

Голографиялык сүрөттөлүштү алууда жардамчы нур чагылып келген негизги нур когеренттүү болушу зарыл. Голографиялык жол менен алынган сүрөттөлүш фотографияда тартылган сүрөткө окшобостон, структурасы татаал интерференциялык сүреттөлүштөн турат, б. а. голографиялык пластинкадан негатив алынбайт.

Голографиялык сүрөттөлүш пластинканы жардамчы нур жарык кылганда гана анын артында пайда болот. Голографиялык жол менен тартылган пластинкадагы сүрөттөлүш голограмма деп аталат. Сүрөттөлүш абдан так, көлөмдүү жана тартылган нерсеге абдан окшош болгондуктан пластинкадагы сүрөт кадимки айнек терезенин ары жагында тургандай сезилет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.