Гоминьдан

Википедия дан
Гоминьдан

Гоминьдан - (кытайча улуттук партия) – Кытайдагы саясий партия; Президент Юань Шикайдын бийлигин чектөө, Кытай Республикасын чыңдоо максатында 1912-ж. Сунъ Ятсен тарабынан негизделген. 1913-ж. Юань Шикайдын согуштук диктатурасы орногондон кийин, Гоминьдандын иштөөсүнө тыюу салынган. 1921-ж. түзүлгөн Кытай компартиясы (ККП) менен бириккен. 1931-жылдан Чан Кайши жетектеген Гоминьдан Кытайдын башкаруучу партиясына айланган. 1927-ж. Чан Кайшинин тарапкерлери Чыгыш жана Батыш, андан кийин Борбордук Кытайда төңкөрүш жасап, ККП түзгөн революциялык базаларга 5 жолу жортуул уюштурган. 1946-ж. ККП башкарган куралдуу күчтөрдү жок кылуу үчүн башталган граждандык согуш Гоминьдандын жеңилиши менен аяктаган. 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгү жарыялангандан кийин, Чан Кайшинин тарапкерлери Америка куралдуу күчүнүн жардамы менен Тайвань аралына өтүп, Гоминьдан башкаруучу партияга айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]