Гонидийлер

Википедия дан

Гонидийлер (гр. gone – урук, тукум, eidos – түр) – эңгилчектердин денесиндеги козу карындар менен биргеликте жайгашкан балырлардын клеткалары. Эңгилчектердеги бардык балырлар Г. деп аталышат. Мурдагы учурларда эңгилчектерди өз алдынча бир бүтүн организмдер деп аташкан. Кийинчерээк бул эки организмдин (козу карын, балыр) ыкташкан комплекси экендиги аныкталган. Ошого чейин андагы жашыл, көк жашыл клеткаларды (балырлар) көбөйүү кызматын аткаруучу споралар (гонидий) деп келишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]