Гот жазуусу

Википедия дан

Гот жазуусу (готика минускулу) — орто кылымдагы (12—17-к.) латын жазуусунун графикалык түрү.

Анын алгачкы үлгулөрү 10-кылымда Италияда, 11-кылымдын аягында Батыш Европанын башка өлкөлөрүндө пайда болгон.

Гот жазуусу 4 түргө бөлүнөт:

  1. текстура — сүйрү жазуу;
  2. фрактура — сүйрүлөнгөн сынык жазуу;
  3. швабахер — айрым тамгалары тегерек келген сынык жазуу;
  4. тегерек Гот жазуусу — Кайра жаралуу доорундагы гот жазуусу менен гуманисттик жазуунун ортосундагы өткөөл жазуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.