Грамматикалык мектептер
Грамматикалык мектептер -
- Байыркы Афиныда 7ден 12 жашка чейинки эркек балдарды окуу, жазуу жана эсепке үйрөткөн башталгыч мектеп;
- Байыркы Римде патрицийлер менен атчандардын (античный мамлекеттердеги эл катмары) балдарына латын грамматикасын, рим адабияты менен грек тилин окуткан, башталгыч мектептен жогорураак мектеп;
- Россияда 17-кылымда кээ бир монастырлардын мектеби, аларда античный адабият, байыркы грек жана латын тилдери окутулган;
- Улуу Британияда, Британия ынтымагындагы кай бир өлкөлөрдө жадны билим берүүчү орто мектеп. Грамматикалык мектептер Англияда 7-кылымда пайда болуп, 16-кылымда англ, ак сөөктөрдүн мектебине айланат.
1902-ж. мектен жөнүндөгү закон боюнча мамлекеттик мектеп системасына кирет. Грамматикалык мектептерке башталгыч мектепти бүткөндөр алынат. Окуу мөөнөтү 7 (кээде 8) жыл, аны бүткөндөр жогорку окуу жайларына экзаменсиз өтөт. Англияда жүргүзүлгөн мектеп реформасына байланыштуу өлкөнүн бир катар штаттарында Грамматикалык мектептер акырындык менен бирикме орто мектептердин составына кошүлүүда.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.