Мазмунга өтүү

Гранита

Википедия — ачык энциклопедия

Гранита — Италиянын Сицилия аралына мүнөздүү десерт. Бул шекер, суу жана ар кандай даам берүүчү кошулмалардын аралашмасы болуп саналат, мисалы, лимон, бадам, малина же кофе. Гранитанын текстурасы муздак жана майда бүртүкчөлүү, сорбетке же италиялык муздак кремге окшош, бирок азыраак кремдүү келет.

Сицилиялык гранита Орто кылымдарда Сицилия аралында пайда болгон. Бул мезгилде "ниваролор" деп аталган адамдар кыш мезгилинде Этна тоосунан жана Пелоритан, Иблей, Неброди тоолорунан кар чогултушкан. Алар чогулткан карды атайын казылган чуңкурларда сакташкан. Бул чуңкурлар, негизинен, кирпич же таш менен бекемделип, карды ысыктан коргогон. Жай айларында бай жана асыл тукум үй-бүлөлөр карды сатып алып, андан сорбет жана балмуздак жасашкан. Карды майдалап, ага лимон ширеси же жемиштер менен гүлдөрдөн жасалган сироптор кошулган.

1500-жылдары гранитанын даярдоо ыкмалары жакшыртылган. Кар эми ингредиент катары эмес, муздатуучу каражат катары колдонулуп, туз менен аралаштырылган. Позцетто деп аталган атайын шаймандын пайда болушу менен гранитанын азыркы формасы түзүлгөн. Позцетто жыгач идиштин ичинде цинктен жасалган чаканы айландыруу аркылуу иштеген. Кар менен туздун аралашмасы муздатуу процессин жакшыртып, аралашманын майда жана бирдей текстурага ээ болушуна шарт түзгөн. Бүгүнкү күндө сицилиялык гранита Сицилиянын гастрономиялык символдорунун бири болуп саналат жана "чачылган кардай" текстурасы менен белгилүү.

  • Кулпунай/Кофе/Лимон/Малина
  • Шекер
  • Суу
  • ½ чай кашык лимон ширеси
  • ¼ чай кашык бальзамик уксусу (каалоого жараша)
  • бир чымчым туз

Даярдоо ыкмасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Бардык ингредиенттерди блендерге салынып, бир тектүү аралашма болгонго чейин жакшылап аралаштырылат.
  2. Аралашманы капкагы жок формага куюлуп, аны тоңдургучка 45 мүнөткө коюуу зарыл.
  3. Форманы чыгарып, гранитанын четтеринен тоңуп калган бөлүктөрүн вилка менен ортого жылдырып, аралашманын ортосу дагы деле жумшак болот. Форманы кайрадан тоңдургучка 40-45 мүнөт коюуу керек.
  4. Бул процессти 3-4 жолу кайталаш керек, гранитанын бардыгы муздай майда кумарчага айланганга чейин.

Le origini della granita siciliana (La Cannoleria Siciliana)

Что такое гранита и как ее готовить?