Графология

Википедия дан

Графология(грек. qrapho – жазам, чием, тартам жана логия) – кол жазмасы боюнча адамдардын мүнөзүн жана психикалык абалын аныктоочу окуу.

Ал боюнча ар бир адамдын өзүнө гана мүнөздүү айрым өзгөчөлүктөрдү кандайдыр бир даражада билүүгө болот. Ошондуктан Графологияны медицина менен криминалистикада башка ыкмалар менен бирге психология жана физиология диагностиканын куралы катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8