Грейдер

Википедия дан

Грейдер (англ, grader, grade — теңдөө, тегиздөө) — жер тегиздөөчү жана казуучу машина.

Жол салуу, оңдоо, арык жана жол тилкелерин казуу, тазалоо, тегиздөө жумуштарына колдонулат. Грейдердин кыртышты казуучу жана шилеп ташуучу тилгич менен жабдылган каңтаргычы бар. Каңтаргычты ар кандай бийиктикте жана кыйгач коюуга болот.

Грейдердин тилгичинин уз. 2,5—4,5 м. Грейдердин чиркеме жана өзү жүрүүчү (автогрейдер) түрү бар. Көбүнчө өзү жүрүүчү Грейдер пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.