Гродеков, Николай Иванович

Википедия дан

Гродеков Николай Иванович (1843-1913)-орус армиясынын генерал-лейтенанты.
Санкт-Петербургдагы Константин аскер окуу жайында тарбияланган.
1863-ж. Польша компаниясына катышкан. Аскер академиясынын генералдык штабынын курсун бүтүргөндөн кийин, Кавказ аскер округунун штабына, бир жылдан кийин Генералдык штабга которулат. Ушул мезгилден баштап Орусиянын тышкы саясатынын өзөгү болгон чыгыш өлкөлөрүңө аскердик жортуулдардын тарыхын жаза баштаган. "Хивинский поход 1873г." "Действие кавказских отрядов", "Война в Туркмении", "Поход Скобелева в 1880-81" деген эмгектери бар. Айрым эмгектери англис жана француз тилдерине которулган.
1883-92-ж. Сырдарья облусунун аскер губернатору болуп иштеген.
Түркестан элдеринин турмушу, коомдук түзүлүшү менен терең таанышып «Киргизы и кара-киргизы Сыр-Дарьинской области. Т. I. Юридический быт» деген эмгегин жана мусулман укугунун англисче түшүндүрмөсүнүн орусча котормосун "Хидая" деген ат менен жарыяланган. Гродеков башка орус авторлорунан айырмаланып, "манаптар кара кыргыздардагы бийлердин тукумунунан чыккан мыкты адамдар..." деп оң мүнөздөмө берген. Гродековдун жогорудагы эмгектеринен тышкары, аскер өнөрүнүн,саясаттын жана география илиминин маселелерине арналган макалалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]