Гуажажара
| Гуажажара | |
| Эне жана бала, Гуажажара эли | |
| Гуажажара | |
|---|---|
| Мамлекеттер жана аймактар | |
| Тили | |
| Дини |
жергиликтүү салттуу ишенимдер |
| Тууган элдер | |
Гуажажара (guajajara), гуазазара (guazazzara), ошондой эле тенетехара (tenetehára) катары белгилүү. Бразилиянын түпкү эли. Мараньян
(Бразилиянын түндүк-чыгышындагы штат) штатындагы 80ге жакын кыштактарда (негизинен Гражао муниципалитетинде) жашашат.
21-кылымдын башындагы саны 15 000ге жакын адамды түзөт.
тенетехара жана португал тилдеринде сүйлөшөт.
Жергиликтүү салттуу ишенимдери (анимизм) карманышат.
Гуажажара колониялык мезгилден бери эзүүгө жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүп келишет. Азыркы мезгилде алар мыйзамсыз токой кыюучулар жана өз жерлерине мыйзамсыз отурукташкандар менен тынымсыз чыр-чатактар болуп келишет. 2019-жылы гуажажара элинин эки өкүлү өтүп бара жаткан унаанын терезесинен атып өлтүрүлгөн.
Белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Гуажажара, Соня Боне (Sônia Bone Guajajara) — Бразилиянын түпкү элдердин укугун жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активист. Бразилиянын түпкү элдердин иштери боюнча министри.
- Гуажажара, Захи (Zahi Guajajara) — бразилиялык көп профилдүү сүрөтчү, режиссер, киноактриса, журналист. Ал массалык маалымат каражаттары аркылуу Бразилиянын индейлердин көйгөйлөрүн активдүү чагылдырган.