Гурьева, Клавдия Александровна

Википедия дан

Гурьева Клавдия Александровна (29. 12. 1908, Пермь —30. 3. 1972, Фрунзе) — советтик актёр. Кыргыз ССР эр артисти (1958).

1939-жылдан КПСС мүчөсү. Чыгармачылык ишин 1924-ж. Пермдеги балдар театрынан баштаган. 1946—72-ж. Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы мамлекеттик орус драма театрынын артисти.
Негизги ролдору: Катерина (А. Островский, «Добул»), Бурма (К. Жантешев, «Эл ырчысы»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптвс- мисттак трагедия»), Анна Андреевна (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Ажар (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Филумена Мартурано (Э. Де Филиппо, «Филумена Мартурано»), Васса Железнова (М. Горький, «Васса Железнова»), Любовь Яровая (К. Тренев, «Любовь Яровая»), Эне (К. Чапек, «Эне»), Мария Александровна (М. Попов, «Үй-бүлө») ж. б.

Ал түзгөн Бурма, Эне, Любовь Яровая, Мария Александровнанын образдары республиканын театр өнөрүндөгү психол. реализимдин үлгүлөрүнө кирет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.