Гуттаперча

Википедия дан

Гуттаперча (малайялыкча getah— чайыр, pertia — жыгач) — табигый каучуктун изомери.

Гутталуу өсүмдүктөрдөн алынат. Тех. Гуттаперча - бөлмөдөгу температурада катуу, ак же сары күрөң түстөгү зат. Анын составына жогорку молекулалуу углеводород — гутта (C5Hs)n, белок заттары, чайырлар, ным ж. б. кирет. Гуттанын орточо молекулярдык салмагы 50 000 ге жакын.

Гуттаперча туз, фтордуу суутек ж. б. кислоталардын таасирине түрүктуу, ысытканда жумшарып, ийилгич абалга келет, ароматтуу жана хлордуу углеводороддордо эрийт, суу жана электр өткөрбөйт.

Гуттаперча химия жана бут кийим өнөр жайында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]