Гюйгенс-Френель принциби

Википедия дан
Гюйгенс боюнча толкундардын рефракциясы
Гюйгенс боюнча толкундун дифракциясы

Гюйгенс-Френель принциби - толкундун, өзгөчө жарык толкунунун таралышы жөнүндөгү маселени жакындаштырып эсептеп чыгаруу методу.

Эгер эркибизче алынган толкун таралуучу кандайдыр бетте анын амплитудасы жана фазасы белгилүү болсо, анда Гюйгенс-Френель принциби боюнча мейкиндиктин берилген чекитинде толкун амплитудасын эсептөөгө болот.

Гюйгенстин алгачкы принцибине ылайык берилген моментте толкун келип жеткен беттин ар бир элементи элементардык толкундун борбору болуп эсептелет. Ошол элементардык толкундардын сырткы бетин жанып өткөн ийри сызык убакыттын келерки моментинде толкундук бетти түзөт. Гюйгенстин принциби геометрия оптиканын закондоруна ылайык толкундардын таралышын түшүндүрөт, бирок дифракция кубулушун түшүндүрө албайт.

Орто Френель (1815) элементардык толкундардын когеренттүүлүгү жана интерференциясы жөнүндөгү түшүнүктү биринчилерден болуп киргизген, Гюйгенс принцибин толуктаган. Гюйгенс-Френель принциби толкун дифракциясынын көп учурларын жакындаштырып карайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]