Даго (эл)

Википедия дан

Даго (даджу, дагу) — эл. Чад Республикасында жана Суданда (Кордофан жана Дарфур тоо платолорунда) жашайт.
Жалпы саны 240 миң адам, анын ичинде Чад Республикасында 140 миң, Суданда 100 миң.

Даго

Даго жана француз аскерлери (сүрөт 1918ж.).
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 240 миң адам
 Чад — 140 миң
 Судан — 100 миң

Тили

даго (даджу),
араб

Дини

Ислам (сүннөттөр)

Расалык тиби

негроид

Тил

Эне тили — даго (даджу). Даго тили Нил-сахара макробүлөсүнүн чыгыш судан бутагындагы кир-аббай уясына кирет.
Экинчи тил катары араб тилин колдонулат.

Коом

Коомдук уюм көп балалуу үй-бүлөлөрдөн турган жамааттардан турат. Калктуу пункттар абдан компакттуу.

Дин

Көпчүлүгү Исламдын сүннөт багытынын маликит мазхабын тутушат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — малчылык (ири мүйүздүү мал жана төө) жана сугат дыйканчылык.

Кийим

Эркектер үчүн салттуу кийим туника көйнөк, аялдар үчүн — узун көйнөк жана жоолук менен берилген.

Тамак-аш

Сүт, сүт азыктары жана жашылча тамактары.

Тарых

Даго элинин пайда болушу 17-кылымга таандык. Ошол мезгилде даго эли алгачкы мамлекетти түзүшкөн. Бир аздан кийин ал мамлекет Дарфур султанатынын курамына кирген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андрианов Б. В. Даго // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999. С.154.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]