Дажаал (тажаал)

Википедия дан

Дажаал (тажаал) — диний түшүнүк боюнча акыр заман болор алдында жерден чыгуучу укмуштуу азыткы. Мусулман мифологиясында акыр заман жакындаганда Көк эшекке минип, жер бетин кыдырып, жолунда учурагандарды талап, талкалоочу, ит жээр, бит жээрдин (Жажуж-Мажуж) башчысы. Негизги варианттардын ар түрдүү окуяларында көбүнчө каардуу, коркунучтуу деген өтмө мааниде колдонулат. Манас баатырдын Аккелтеси "кароолу дажаал, огу ажал" укмуштуу курал катары сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында терс кейипкерлердин ичинен кытай баатыры Коңурбай "Тажаалдын кара көзү ошо" деп сыпатталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4