Далмат аралдары

Википедия дан
Далмат аралдары

Далмат аралдарыАдрия деңизиндеги архипелаг. Хорватияга карайт. Аянты 2,5 миң км2дей. 1000ден ашык аралдан турат. Эң ири аралдары: Крк, Брач, Црес, Хвар, Корчула. Балкан жарым аралынын батыш жээгинин төмөн чөгүшүнөн жана Динара тайпак тоосунун этегиндеги айрым жерлерин суу жайпап калышынан пайда болгон. Булуң-буйтка жана кысыктар (далмация тибиндеги жээк) көп. Негизинен акиташ тегинен турат; карст кубулушу өөрчүгөн. Кокту-колоттуу дөбө жана жапыз тоолор (бийиктиги 778 мге чейин) басымдуу. Жер ортолук деңиз бадалдары өсөт. Жүзүм, жемиш багы, зайтун дарагы өстүрүлөт. Цитрус плантациялары, деңиз климаттык курорттору, улуттук сейилбактары бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия