Далычы

Википедия дан

Далычы – таза, чийинсиз мүлжүнгөн койдун далысын жарык шоолага карап, андагы сүрөтчөлөр, жолчолор, сызыкчалар, булутчалар аркылуу келечекти болжолдоп алдын ала айткан көзү ачык адам. Далычылар айга, жылдыздарга, тогоолдорго карап көптү билген кыбачы, күзгө карап кышты, кышка карап жазды, бүгүнкүгө карап эртеңкини болжолдогон өтө баамчыл, адамдын өңүнөн, мүнөзүнөн, кыймыл аракетинен анын оюн, саламаттыгын, азыркы абалын боолгологон кыраакы, өтө тажрыйбалуу кишилер болгон. Алар өздөрүнүн ой-пикирлерин табышмактатып, бир нече мааниде, өтө жалпылаштырып сүйлөгөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.