Дарвинизм

Википедия дан
Ч. Дарвин (1868).

Дарвинизм - органикалык дүйнөнүн эволюциясынын Ч. Дарвиндин көз карашынын негизинде түптөлгөн материалистик теориясы. Эволюциянын реалдуулугун далилдөө менен эволюция процессинин жолун ишенимдүү түшүндүрөт. Ч. Дарвиндин эмгегинин пайда болушуна трансформисттик көз караш чоң түрткү берген. Ч. Дарвин бул теориянын үстүндө 1837-ж-дан баштап эмгектене баштаган. 1842-ж. биринчи очеркин жазган. Ушул эмгегинен кийин, ал жаңы далилдерди чогултуу менен талдоо жүргүзгөн. Ал палеонтол-нын, салыштырма анатомиянын, эмбриол-нын, систематиканын жана геол-нын маалыматтарына таянуу менен, алардын жетишкендиктерин иш жүзүндө колдонгон. Дарвиндин эволюциялык көзкарашынын түзүлүшүнө Дж. Геттон жана Ч. Лайел сунуш кылган Жердин геологиялык эволюциясы жөнүндөгү окуу түрткү берген. Дарвиндин негизги жоболору 1859-ж. чыккан «Табигый тандалуу жолу менен түрлөрдүн келип чыгышы» же «Жашоо үчүн күрөштө ыңгайлашкан породалардын сакталышы», 1868-ж. чыккан «Маданиятташтыруунун негизинде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын өзгөрүшү», 1871-ж. чыккан «Адамдын келип чыгышы жана жыныстык тандалуу» - деген эмгектеринде басылып чыккан. Д. терминин 1860-ж. биринчи жолу Т. Гексли сунуш кылган. Дарвин менен байланышы жок туруп эле, ушул сыяктуу материалисттик көзкарашка А. Уоллес да (1858) келген. Д. боюнча эволюциянын кыймылдаткыч күчү болуп тукум куугучтук, өзгөргүчтүк жана табигый тандалуу эсептелет. Көңүлдүн борборун особдорго эмес, түрлөргө жана түр ичиндеги топторго буруу керектигин далилдеди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]