Дарий I

Википедия дан
Дарий I.

Дарий I, Дарая вауш – Биздин заманга чейин 522–486-жылы байыркы Персия падышасы; Ахеменилер династиясынан. Б. з. ч. 522–521-жылы «Өлбөстөр» деп аталган 10 миң армиясы менен Вавилон, Мидия, Персия, Маржана, Элам, Мысыр, Парфия аймактарындагы жана Орто Азиядагы скиф урууларынын көтөрүлүштөрүн басып, бир катар чарбалык, маданий реформаларды жүргүзгөн. Персиянын мурунку падышасы Кир IIнин Орто Азияда жашаган сактарга каршы басып алуучулук саясатын улантып, эки жолу жортуулга чыккан. Анын тушунда грек-перс согушу (б. з. ч. 500–499-жылы) болуп өткөн. Эл аралык сооданы өнүктүрүп, Ахеменилер дөөлөтүн чыңдаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.