Даркан шаар чалдыбары

Википедия дан

Даркан шаар чалдыбары – 10-12-кылымга таандык шаар урандысы. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Жууку суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Аянты 100 га. Эки бөлүктөн негизги чептерден жана алардын чет-жакаларындагы чоң аянттан туруп, узундугу 8 км келген дубал менен курчалган. Борбордук бөлүгүндөгү ар түрдүү чоңдукта көп сандаган курулуш калдыктары дөңсөө түрүндө сакталган. Казуу убагында турак жай жана чарбалык курулуштардын калдыктары табылган. Борбордук бөлүгүнөн тышкары жердеги курулуштар бири-биринен кыйла алыстыкта топ-топ болуп жайгашкан. Карапайым шаардыктардын жер участоктору борбордун сыртында болгон. Шаар эң негизги кербен жолунун боюна жайгашкандыктан, кылымдагы соода-сатык мамилелеринде чоң роль ойногон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1