Дароот-Коргон (чеп)

Википедия дан

Дароот-коргонКокон хандыгынын дооруна таандык чеп.

1821-жылы Чоң-Алай өрөөнүндө Дароот-Коргон кыштагынын жанында курулган. Ал тоолуу Алай аймагында хандык бийликтин аскердик-акимдик таяныч түйүнү болгон. Чарчы формада. Дубалынын бийиктиги 4 м. Түндүк тарабында гана жалгыз дарбазасы болгон. Чеп 1984-жылы тарыхчы Б. А. Дүйшеев тарабынан изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1