Дары-дармектен уулануу

Википедия дан

Дары-дармектен уулануу. Уктатуучу жана сеп алдыруучу дарыдан көп уулануу болот.

Себеби жана белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул дарынын көп дозасын ичкенде кишинин алы кетип, уйку басат, башы салмактанат. Андан кийин эсин жоготот (Кома). Оозу, мурдуна былжыр толот, адегенде бат-бат дем алып, бара-бара жайлап калат, тамырдын согуусу сезилбейт. Бул дарылар менен уулануу өмүргө коркунуч туудурат.

Чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондуктан бул учурда тез жардам чакырып ал келгенче биринчи жардам көрсөтүү керек. Эгерде жабыркаган киши эсин жоготпосо, башын бийиктеп коюп, курун чечип жаткырат. Врач келгенче 1—2 л суу берип кустуруп, ичеги-карынды тазалоо керек. Андан кийин ысык чай же кофе, 100 г каткан кара нан берсе болот. Сүт берүүгө болбойт, себеби ал уу заттын ичегиге өтүшүн тездетип, аны организмден чыгаруу кыйындайт. Кээ бир оорулууну мындай учурда жалгыз калтырбоо керек, себеби туруп басам деп, жыгылып бир жерин кокустатып алышы мүмкүн. Эгерде оорулуу эсин жоготсо башын ылдый каратып капталына жаткырып, врач чакыруу керек. Ал келгенче оозун былжыр суюктуктан тазалап, жасалма тиш болсо, аны алып коюп, тилин көмөкөйгө кетирбей, тартып туруу, улам-улам нашатырь спиртине нымдалган кебез жыттатуу керек. Эгер дем алуусу бузулса жасалма дем алдыруу зарыл.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Врач берген дарыны дозасын ашырбай ичүү, өз алдынча колдонбоо жогоркудай ууланууну алдын алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8