Даутов Кадыркул

Википедия дан

Даутов Кадыркул - cынчы, адабиятчы.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган.

2020-жылдын 28-июлунда дүйнөдөн кайткан.
1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын,
1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1970–1973-жж. СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган.
1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.
1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси,
1974–1975жж. Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер,
1976–1981-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы,
1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу,
1985–1986-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы,
1989–1999-жж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.
1999–2005-жж. Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,
2005–2007-жж. И.Арабаев атындагы университеттин профессору,
2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.

1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазат.
1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2016-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамына татыган.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ырдын өмүрү: Адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 112 б.

Жаңы чектерге: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 216 б.

Главное – поиск: Адабий-сын макалалар жыйнагы. – Ф.: 1982.

Сөз өнөрүнүн эстетикасы: Макалалар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 191 б.

Таланттар жана тагдырлар: Адабий макалалар. – Ф.: Адабият, 1988. – 224 б.

Тереңдиктер жана бийиктиктер: Макалалар. – Ф.: Адабият, 1991. – 272 б.

Адабий сын кантип жаралган?: Монография. – Б.: 2002. – 247 б.

Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү: Монография – Б.: Басма Тамга, 2003. – 400 б.

Мезгил сыны жана мен. – Б.: Бийиктик, 2004. – 525 б.

Түркүн дүйнө элестеринен. – Б.: Бийиктик, 2005. – 333 б.

Издегеним тубаса акын, тунук поэзия. – Б.: Бийиктик, 2008. – 476 б.