Дегээ

Википедия дан

Дегээ – суудан балыкты сайып кармоо үчүн атайы жасалган курал. Дегээнин ачалары он экиге жетет. Ачаларынын саны, узундугу, жоондугу сайылчу балыкка жараша ар кандай болот. Сайылган балык чыгып кетпес үчүн Дегээнин ар бир ачасына бөрү тил бекитилет. Ал жыгачтан же темирден жасалат. Дегээнин узундугу 2–3 м, жоондугу15–20 см жыгачка сапталат. Анын экинчи учуна узун, бышык ичке жип байланат. Дегээге сайылган балык аны сүйрөгөндө жиптен кармашат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.