Дедекция

Википедия дан

Дедекция (лат. deductio – чыгаруу) – ойлонууда логика законунун негизинде алгачкы ойлордон жаңы ой чыгаруу ыкмасы; жалпы жободон жеке жыйынтыкка алып баруучу ой корутундусунун бир түрү. Дедекция үчүн ой бүтүшүнүн зарыл жана туура болушу мүнөздүү, башкача айтканда эгер негизги ой өбөлгөлөрү чындыкка жана дедекция закондоруна туура келтирилген болсо, анда зарыл түрдө ой бүтүмү да туура болот. Ошондуктан илимдеги теориялар дедекция ыкмасынын натыйжасында жаралат. Ушул сапаты менен дедекция индукциядан, башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү жекеден жалпыга карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат. Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомаларга таянган илимдер дедекциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын айрым тармактары жана башка). Ал эми тажрыйбалардын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу менен өнүккөн индукциялык илимдерге биология, топурак таануу, медицина жана башка кирет. Дедекция далилдөөнүн негизги каражаттарынан болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия