Дезинфекциялоочу каражаттар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дезинфекциялоочу каражаттар - айлана-чөйрөдөгү оору козгоочу микроорганизмдерди жок кылуу үчүн пайдаланылат. Химиялык каражаттарды тандоодо, анын өлчөмүн, концентрациясына жугушсуздандыруу узактыгын белгилөөдө оору козгогучтун касиети жана дезинфекциялануучу объекттин өзгөчөлүгү эске алынат. Көп колдонулуучу химиялык дезинфекциялоочу каражаттарга хлорамин, хлордуу акиташ, кальций гипохлорити, формалин кирет. Хлорамин — ак (же саргыч күкүм; күңүрт, оозу жабык айнек идиште же полиэтилен баштыкчада караңгы жерде сакталат. Көбүнчө 0,2—3%түү эритме түрүндө турак жайларды, идиш-аякты жана башка дезинфекциялоого (30—60 мин.) пайдаланылат. Хлорамин эритмесин күңүрт жабык идиште 15 күнгө чейин сактоого болот. Хлордуу акиташ— ак күкүм; жарыктын, жылуулуктун, нымдын таасиринен тез бузулат, аны аба, жарык өтпөгөн, дат баспаган идиште темпрасы 20°Сден ашпаган кургак жайда сактайт. Кургак (оорулуунун заңына 1 саатка сээп коёт) жана 10—20%түү эритме (хлор-акиташ сүт) түрүндө дааратканаларды, таштанды төгүлгөн жерлерди дезинфекциялоо, дубалдарды актоо үчүн колдонулат; 0,5—1%түү эритмесин турак жайларды, үй буюмдарын, идиш-аякты жана башка дезинфекциялоо үчүн пайдаланат. Хлордуу акиташтын эритмеои көпкө сакталбайт, ошондуктан аны пайдаланарда даярдап алган дурус. Кездеме менен металл (сырдалбаган) хлордуу акиташтын жана анын эритмесинин таасиринен жараксыз болуп калгандыктан аларды башка химиялык каражаттар менен жугушсуздандырат. Нымдуу, начар желдетилген жайларда да хлордуу акиташты колдонуу сунуш кылынбайт. Кальций гипохлорити— ак кристалл күкүм. 0,1 — 1%түү эритмесин идиш-аякты, ваннаны, кол жуугучтарды жана башка дезинфекциялоого, ошондой эле оорулуунун заңын жугушсуздандыруу үчүн кургак колдонот. Формалин формальдегиддин кескин жыты бар 40%түү эритмесй камералык дезинфекциялоодо, ошондой эле теринин грибок оорусунда бут кийимдерди жана мээлейди дезинфекциялоо үчүн колдонулат, к. Дезинфекция.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8