Декан бөксө тоосу

Википедия дан
Декан бөксө тоосу.
Декан бөксө тоосу.

Декан бөксө тоосу, Декан (санскритче дакшина – түштүк) Индстан жарым аралынын ички бөлүгүн ээлейт; Индияда. Батыш жана Чыгыш Гат тоолору менен чектешет. Аянты 1 млн км2дей. Чыгышка карай 600–900 мден 300–500 мге чейин жапыздаган тектирлүү түздүктөр басымдуу; ал түздүктөрдөн жетим тоолор жана дөбө-дөңсөөлөр көтөрүлүп турат. Түндүк-батышына супа сымал тоолуу-тепкичтүү структуралык-денудациялык рельеф мүнөздүү. Геология жактан Декан бөксө тоосу Индия платформасынын бир бөлүгү; ал негизинен архей менен протерозойдун гнейс кристаллдык сланец, кварцит тоотектеринен түзүлүп, аларды гранит интрузиялары жиреп чыккан. Аймагынын 52 миң км2 жерин (негизинен түндүк-батышын) үбөлөндү латерит кыртышы жана калыңдыгы 1500–2000 мге жеткен, бор мезгилинин аягында жана эоценде пайда болгон базальт катмары (трапп) жаап жатат. Климаты субэкватордук, муссондук. Ноябрдан мартка чейин серүүн кургакчыл, марттан майга чейин ысык кургакчыл, майдан ноябрга чейин ысык жаанчыл климат өкүм сүрөт. Жылдык жаан-чачыны 500–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында 2500–3000 мм (көбү жайында жаайт). Майдын (эң жылуу айы) майдын орточо темп-расы 29–32°С, январдыкы 21–24°С. Ири дарыялары: Нарбада, Маханади, Годавари, Кришна, Кавери; негизинен сугатка пайдаланылат. Айдарым капталдарда жалбырагы күбүлмө муссон токою, борбордук бөлүгүндө саванна жана сейрек токой, жаан-чачындан ыктоо калган Батыш Гат тоолорунда чөлдөшкөн саванна үстөмдүк кылат. Көп бөлүгү (аймагынын 60%) айдоо (дан эгиндери, пахта жана башка). Ири шаарлары: Бенгалуру, Пуна, Хайдарабат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия