Декоратив өнөрү

Википедия дан

Декоратив өнөрү - пластика өнөрүнүн тармагы; ал архитектура жана дизайн сыяктуу материалдык чөйрөнүн көркөм калыптанышына таасир кылып, ага эстетикалык жана идеялык-образдык касиет берет.

Декоратив өнөрү түздөн-түз архитектура менен байланышкан монумент өнөрүнө (фасаддарды, интерьерлерди, о. эле парк скульптураларын кооздоочу архитектуралык декор, рельеф, статуя, витраж, мозаикаларды түзүү), жасалга-колдонмо жана жасалга өнөрүнө (көргөзмөлөрдүн жана музейлердин экспозицияларын кооздоо ж. б.) бөлүнөт.

Декоратив өнөрүнүн чыгармаларыньш экспозициялык элементтери же деталдары (аянт, парк, о. эле имараттар, интерьерлер ж. б.) ансамблдин келем-мейкиндик жактан уюшулушунда маанилүү роль ойнойт жана ошол ансамблдин айкалышында гана таасирлүү кабыл алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.